Базар-Коргон районуна жаны жогорку кубаттуулуктагы трансформатор орнотулду.
Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айылындагы 35/10 кВА “Кара-Үңкүр” көмөк чордонунда электр энергияга болгон керектөөлөр жогорулагандыгына байланыштуу 6300 кВА трансформаторун Кытай өндүрүшүнөн чыгарылган жогорку кубаттуулуктагы 10 000 кВА трансформаторго алмаштырылды.
Ушул эле көмөк чордондогу ВК-10 үлгүсүндөгү жандырып-өчүрүүчү аппаратын Корея өндүрүшүнөн келген SUSOL тибиндеги 4 даана вакуумдук өчүрүп жандыруучу аппаратка алмаштырылды. Аталган “Кара-Үнкүр” көмөк чордонундагы эски трансформатор Ноокен районуна караштуу Ленин көмөк чордонундагы т-2 4000 кВА трансформатордун ордуна коюлат, бул жерде дагы кубаттуулук жогорулайт.